Казыбек айылында жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарышы өткөрүлдү

Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында 6 жаштан 14 жашка чейинки балдар арасында Куран жарышы уюштурулуп, ага жалпы 25 бала катышты. Жарышка Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов, Нарын шаарындагы балдар медресесинин араб тили мугалими Атиф Фарож, Нарын шаарнын «Аюб жана Абу Бакас» мечиттеринин имамдары Акылбек Жантөрө уулу, Санжар Азимов катышып, калыстык кылышты.

Калыстыктар тобунун чечими менен 1-орунду Актилек Нурланов, 2-орунду Аннас Алымов камсыздашып, велосипед менен сыйланышты. Ал эми калган катышуучуларга баалуу белектер тапшырылды.

Жаш жеткинчектерге Куран сабагын берип жана жыл сайын Куран жарышын уюштуруп келе жаткан Казыбек айылынын имамы Таалай Тентиев жана наиб имамы Молдалы Сасыковго Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов терең ыраазычылыгын билдирип,

“Аз болсо да дайыма уланып турган иш жакшы. Сиздер айыл балдарына колуңуздардан келишинче жыл сайын жакшы саамалыкты уюштуруп келесиздер. Буюрса мунун акыбети кайтат. Эртең ушул айылдан жалпы кыргыз элине кызмат кылар муундар чыгат деп ишенем”, – деди облус казысы.

Ал эми айыл имамы Таалай Тентиев, “ Биз кандай иш жасабайлы, сиздер жакындан колдоо көрсөтүп келгениңиздерге чын дилден ыраазыбыз. Тээ алыстан бери убактыңыздарды бөлүп, биздин эле эмес, балдардын да көңүлүн алып келесиздер. Мына ушул балдардын ата-энелерине ыраазычылыгымды билдирүү менен биргеликте облустук казыятка жана казыбыз Эрик ажыга жамааттын атынан дагы бир ирет ыраазычылык билебиз”, – деп билдирди.