Бакыт ажы Нурдинов Баткен облусунун казысы менен жолугуп, аймактагы диний иш-аракеттерди талкуулашты

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Борбордук Текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов, комиссия мүчөсү Эдил Нурбек уулу, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Абдиманап кары Масалиев жана КМДБнын эсепчиси Султан ажы Момунов  Баткен облустук мусулмандарынын казыятына иш сапары менен келип, Баткен облусунун казысы жана дин кызматкерлери менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында тараптар диний кырдаал, аткарылып жаткан иштер боюнча маектешип, анын натыйжалары боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун алкагында Баткен облусунун казысы казыяттын аткарып жаткан иш-аракеттери тууралуу маалымат берип, мечиттерди каттоодон өткөрүү, иш кагаздарын, эсеп иштери боюнча биргеликте тыгыз иш алып баруу керектигин билдирди.

Ал эми Бакыт ажы Нурдинов мыйзамдарды так сактоо, дин кызматкерлерин деңгээлин өстүрүү багытында окутууларды өткөрүү жана коомчулукту руханий жактан тарбиялоо зарылдыгын белгиледи.