Самидин кары Атабаев Ысык-Көл облусунун казысы болуп дайындалды

Бүгүн, 23-май күнү Самидин кары Атабаев Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров кол коюп, казыят жамаатына жана райондук баш имам-хатибдерге тааныштырды. Самидин кары Атабаев буга чейин Азирети Муфтийдин 1-орун басары кызматын аркалап келген.

Автобиографиясы:

Атабаев Самидин Абдираимович 1973-жылдын 27-декабрында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Комсомол айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Абдираим кары Атабаев 1913-жылы туулган. Ал Кара-Суу районунда жайгашкан пахта заводунда бухгалтер болуп эмгектенген. Ошону менен бирге оор мезгилде дин кызматкери болуп, ардактуу миссияны аркалаган. Ал эми апасы Атабаева Рабия 1928-жылы туулган. Учурда уул-кыздарынын төрүндө бактылуу жана дөөлөттүү карылык доорун сүрүүдө.

Самидин кары Атабаев 1981-жылы Өзгөн районуна караштуу «Комсомол» орто мектебине кабыл алынып, 1991-жылы бүткөн. 1991-1995-жылдары Бишкек шаарында жайгашкан «Азрети Умар» атындагы Кыргызстан Ислам институтун ийгиликтүү аяктаган. 1995-1996-жылдары Бишкек шаарында аскердик кызматын өтөгөн. 2002-2006-жылдары Казань шаарындагы Россия Ислам университетин ийгиликтүү аяктаган. Мындан сырткары, 2016-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун бүтүп, «юриспруденция» адистигине ээ болгон. Ошондой эле 2020-жылы КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн Гуманитардык жана аймактык изилдөөлөр институтуна тапшырып, учурда аталган инситуттун аспиранты.

Самидин кары өзүнүн эмгек жолун 2006-жылы Өзгөн районундагы «Абдираим каары» медресесинде окуу бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалоодон баштаган. 2008-2010-жылдары Өзгөн районундагы «Имам аль-Бухарий» ислам институтунун окуу иштери боюнча проректору, 2010-2015-жылдары Өзгөн районунун баш имам-хатиби болуп эмгектенген. 2015-жылдын 28-августунда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын түзүмүндөгү бош ваканттык орундар үчүн жарыяланган конкурстан ийгиликтүү өтүп, Ош облусунун мусулмандарынын казысы болуп дайындалган. Ал 6 жылдык казылык мөөнөтүндө руханий агартуу иштерине жигердүү аралашып, эл биримдиги, этностор аралык ынтымактын бекемделишине кызмат кылып, исламдын нукура, көөнө, салттуу дүйнө таанымы жана маданиятынын жайылышына салым кошкон.

Самидин кары 2021-жылдын июлунда Бишкек шаардык мусулмандарынын казысы болуп дайындалып, борбор калаанын тургундары жана конокторуна ислам дининин асыл баалуулуктарын жайылтып, жарандардын руханий өнүгүүлөрүнө салым кошуп, бир катар диний агартуу иштерине катышкан. 2022-жылдын март айында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары кызматына дайындалат. Ал эми 2023-жылдын февраль айынан тарта Азирети Муфтийдин биринчи орун басары болуп дайындалса, ушул эле жылдын май айында 1-орун басарлыкка дайындалат. Ага параллель эле Россия Федерациясынын Европа бөлүгү боюнча КМДБнын атайын өкүлү кызматына бекитилген. Ал үстүбүздөгү жылдын 26-январынан 10-февралына чейин Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучусу болуп, Кыргызстан мусулмандарынын VIII кезексиз Курултайын жогорку деңгээлде уюштурган.  

Самидин кары Атабаев студенттик мезгилинен тарта эле коомдук-маданий иш-чараларга активдүү катышкан. 1999-жылы Россия Федерациясынын Москва шаарында өткөн «Куран жарыш» конкурсунда III орун, 2002-жылы Татарстанда өткөн «Куран жарыш» конкурсунда I орун, ошондой эле 2003-жылы Россия Федерациясынын Москва шаарында өткөн Куран конкурсунда да I орунга ээ болгон. 2015-жылы “Ош шамы” коомдук-саясий гезити тарабынан “Жылдын мыкты жетекчиси” номинациясы менен сыйланган. 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 2019-жылы «Кыргыз Туусу» гезитинин 95 жылдыгына карата «Мыкты диний кызматкер» төш белгиси ыйгарылган. 2019-жылы Самидин карыга КР ДИМКнын жана КМДБнын (Муфтият) Ардак грамоталары тапшырылган. Ошондой эле анын динге, эле кылган ак кызматы татыктуу бааланып, 2023-жылы КР Президентинин Алкыш баракчасы ыйгарылган.

Ал мындан башка дагы бир нече Алкыш баракча жана ыраазычылык каттардын ээси. Орус, түрк жана араб тилдеринде эркин сүйлөйт. Спорттун волейбол, футбол жана стол тенниси түрлөрүнө кызыгат. 2003-жылы волейбол боюнча Казань шаарында өткөрүлгөн универсиадада командалык I орунду камсыз кылган.

Үй-бүлөлүү; эки уул, төрт кыздын атасы.