Азирети Муфтий иш сапары менен Ысык-Көлгө барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров расмий иш сапары менен Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарына барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Эл менен болгон жолугушууда Азирети Муфтий 25-май күнү боло турган бүтүрүү кечесиндеги иш-чара, жаштардын адеп-ахлагы жана ысырапкерчилик, ошондой эле ханафи мазхабы жана матуриди акыйдасы боюнча баяндама жасады.

«Эки күндөн кийин республика боюнча мектеп окуулары аяктап, бүтүрүү кечеси болот. Мектеп окуучулары жаштыкка алдырып, айдоочулук күбөлүгү жок унааларды айдашы мүмкүн. Биз бул жаатта чукул түрдө ата-энелер, мугалимдер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге түшүндүрүү иштерин жүргүзөлү. Сиздер да көмөк көрсөтүңүздөр! Муну менен катар мазхаб, акыйда боюнча өтүлүп жаткан сабактарга катышып, терең өздөштүрүп алыңыздар. Жакшылык-жамандыктарда, дегеле жашообузда ысырапкорчулукка жол бербей, соопчулук иштерге басым жасайлы. Жаңы дайындалган облус казысына жардам бериңиздер, урматтуу шаар тургундары!», – деди Азирети Муфтий өз сөзүндө.

Муну менен катар Азирети Муфтий Каракол шаарына чет жерден көптөгөн коноктор келерин айтып, аларга кыргыз элинин меймандостугун, жоомарттыгын, берешендигин жана айкөлдүгүн көрсөтүү керектигин белгиледи.

Айта кетсек, эл менен жолугушуу саамалыгына Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев, Ысык-Көл облусунун жаңы дайындалган казысы Самидин кары Атабаев, мурдагы казы Алмазбек ажы Сагындыков, казыят аппараты жана райондук баш имам-хатибдер катышты.