Азирети Муфтий Ысык-Көл казыятынын кеңсесинин курулушу менен таанышты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Каракол шаарына жасаган расмий иш сапарынын алкагында облустук казыяттын имаратынын курулушу менен таанышты. Курулуш менен облус казысынын орун басары Алмазбек ажы Сагындыков тааныштырып, курулуш ишине жергиликтүү ишкерлер жардам берип жатканын айтты.

«Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы казыяттын имаратынын курулушуна 50 миң АКШ долларын бөлүп берген. Бирок каражат жетиштүү болбогондуктан биз облустагы ишкерлерге кайрылган элек. Буюрса күз айларында бүтөт деп үмүттөнүп жатабыз», – деди облус казысынын орун басары.

Ал эми Азирети Муфтий жаңы имаратка кирүү менен жакшы шарттар түзүлөрүн айтып, демөөрчү болгон инсандарга ыраазычылык билдирип, батасын берди. «Буюрса биз деле карап тура албайбыз. Колубуздан келген жардамыбызды аябайбыз. Мына, жаңы дайындалган облус казысы дагы бул жаатта абдан тажрыйбалуу инсан. Себеби Ош облусуна казыят куруп, бардык шарттарды түзгөн менеджер. Андыктан башталган жумуш буюрса, Жараткандын колдоосу менен аяктайт», – деди Азирети Муфтий.