Баткенде имамдын демилгеси менен алдыңкы окуучуларга стипендиялар берилүүдө

Баткен облусунун Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектептин 3-классындагы «эң жакшы» бааларга окуган окуучуларга чейрек сайын стипендиялар уюштурула баштады. Сабакты жакшы окугандарга стимул берүү үчүн стипендия берүүнү Баткен шаар-районунун баш имам хатиби Сайдахмад ажы Аппазов жеке үй-бүлөсүнүн атынан демилгелеген.

«Балдар-кыздарыбыздын окууга, илим-билимге кызыгуусун арттыруу максатында ушул демилгени колго алдык. Келечегибиз болгон балдардын ыймандуу, билимдүү, адептүү болушу үчүн ар тараптан кам көрүп, көмөк көрсөтүп турушубуз керек. Кудай буюрса, келерки жылдары сынактарда ийгилик жараткандарга дагы стипендия берели деп жатабыз», – деп белгиледи Сайдахмад ажы Аппазов.