“Умму Мухаммад” медресесиндеги студенттерге агымдар жана экстремизм, терроризм боюнча маалыматтар берилди

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК)Түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу жана бөлүмдүн адиси Ибрахим Жумабай уулу “Умму Мухаммад” медресесиндеги студенттерге агымдар жана экстремизм, терроризм  боюнча маалымат  беришти.  

«Окуучуларыбызга Кыргызстанда тыюу салынган агымдар, экстремизм, терроризм тууралуу жана алардын алдын алып, сактануу боюнча өтө пайдалуу сабактарды өтүп беришти. Мындай сабактар балдар үчүн абдан маанилүү, анткени окуу жайды бүткөндөн кийин чет жерлерге окууга барып, билимдерин улантышы мүмкүн. Ошондуктан балдар туура диний баалуулук менен бирге тыюу салынган агымдар, экстремизм, терроризм боюнча кабардар болушу керек»,-деди аталган медресенин мүдүрү Кутман Орунбаев .