Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби Нармамат ажы Икрамов бүтүрүүчүлөргө кеп-кеңешин айтты

Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби Нармамат ажы Икрамов Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл аймагындагы №31 Алишер Абдырахманов атындагы oрто мектебине барып, окуучуларды акыркы коңгуроо майрамында жаштыкка алдырып ар кандай терс жолдордон алыс болууга, ата-энелерди угууга жана мындан ары билимди улантууга чакырды.  Муну менен катар баш  имам-хатиб мугалимдерди дайыма урматтап-сыйлоого, жакшы билим алууга үндөдү.

«Жаштар-биздин келечек! Демек сиздер билимдүү болуп, акыркы технологияны өздөштүрүү менен мамлекетибизге салым кошот деп ишенем! Өсүп келе жаткан муун ыймандуу, билимдүү, адептүү болсоңор, коом оңолот, мамлекетибиз өнүгөт»,- деди баш имам-хатиб Нармамат ажы Икрамов.

Ата-энелер, окуучулар менен болгон жыйындын акырында баш имам-хатиб мээнеткеч  мугалимдерге белектерди тапшырса, Базар-Коргон районунун имамдары да өздөрүнүн аймактарындагы мектептерге барып,  эң жакшы окуган окуучуларга ардак грамота жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.