Давранбек ажы Жунушалиев Ош облусунун аймагындагы каттоодон өткөн жана өтө элек мечиттер боюнча жыйын өткөрдү

 

КМДБнын мечиттер бөлүмүнүн башчысы Давранбек ажы Жунушалиев Ош облусунун аймагындагы каттоодон өткөн жана өтө элек мечиттер боюнча жыйын өткөрүп, бир катар маселелер каралды.

Аталган жыйынга Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков жана Ош облустук казыятынын үгүт-насаат жана мечиттер адиси Алибек ажы Жусупов катышып, облустун аймагындагы мечиттер боюнча маалымат беришти.

«Облус аймагындагы жаңыдан курулуп жаткан мечиттерге катуу көңүл буруу зарыл. Туура эмес жерге курулуп калып, кийинчерээк анын тиешелүү документтери бүткөрүлбөй калбасын. Мыйзамсыз болсо башынан айтып эскертүү керек. Жалпысынан облустагы каттоодон өткөн жана өтө элек мечиттерди тактап, каттоого алуу үчүн тиешелүү иш-кагаздарын даярдоону камсыз кылуу керек», – деди Давранбек ажы Жунушалиев.