Тоңдо диний объектилердин айланасын жашылдандыруу иштери уланууда

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев, Эшперов айылдарында мечиттин айланасын тазалоо жана курулуш иштери жүрүүдө. Тазалык саамалыгынын алкагында Бөкөнбаев айылындагы жергиликтүү жарандын демөөрчүлүгү менен курулуп, аяктоо алдында турган медресенин айланасы да көрктөндүрүлдү. Бул боюнча райондун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов билдирип, аталган диний окуу жайга керектүү документтери да топтолуп, даярдалып жатканын кошумчалады. Анын айтымында, аталган окуу жайды Нурдин ажы аттуу жергиликтүү тургун өз каражатына куруп жатат. 

«Районубузда жаз айларында мечиттерге келген адамдарга ыңгайлуу, жакшы шарт түзүү максатында тазалыктар, жашылдандыруулар жүргүзүлүүдө. Алардын катарында Бөкөнбаев айылында курулушу аяктап калган медресебиздин айланасында да жашылдандыруу иштери өткөрүлдү. Учурдан пайдаланып демөөрчүлүк кылып кол сунган инсандарга ыраазычылык билдирип, Жараткан Алла Тааладан жакшылыктарды тилейм», – деди райондун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов.

Баш имам-хатиб медресе келечекте кырк бала жатып, окуганга ылайыкталып салынып жатканын кошумчалады.