Баткенде медресе мугалимдери жана студенттери үчүн кийим-кечелер таратылды

Баткен мусулмандарынын казыяты «Себепкер» кайрымдуулук фонду менен биргеликте Баткен облусундагы диний окуу жайлардын мугалимдери жана студенттери үчүн кийим-кечелерди таратты.

Аталган кайрымдуулук иш-чараны колго алган «Себепкер» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Мустафа ажы Абдиев башында турган эмгек жамаатын облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров кабыл алып, иштерине ийгилик каалап, ыраазычылык билдирди. 

«Себепкер» кайрымдуулук фондунун өкүлдөрүнүн айтымында, Баткен облусунун аймагында жалпы эки млн. сомго жакын кайрымдулук иштери жасалды. Ага ылайык ар бир адамга бир бут кийим жана эркектер үчүн 5 даанадан футболкалар берилди.