Ош шаарында ажылык сапарына баруучуларга акыркы жолу сабак өткөрүлдү

Кечээ, 27-май күнү Ош шаарынан ажылык сапарына баруучу жарандарга акыркы жолу сабак өтүлүп, ажылык сапарындагы тартип жана ажы башчыга баш ийүү менен ынтымакта ажылык амалдарын аткаруу керектиги айтылды. 

Ош шаардык казыятынын фатва адиси Мирислам ажы Абдиев ажыларга ибадат боюнча маалымат берип, «Ажылык сапары эң улуу парз амалдардын бири экенин билесиздер. Сиздерге саналуу күндөр калды. Андыктан ар бир амалда ниетти тууралап, Аллахтын парз кылган жерине баратам деп билели», – деди.