Кызыл-Кыяда имамдын демилгеси менен муктаж үй-бүлөлөргө акчалай жардам таратылды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында имамдын демилгеси менен муктаж үй-бүлөлөргө 32 миң сомдук акчалай кайрымдуулук таратылды. Кайрымдуулук иш-чарасы аталган шаардагы мечиттин имам-хатиби Нурсултан ажы Назарбаев демилгеси менен уюштурулду.

“Ислам дининде алган колго караганда берген кол артык» деп айтылат. Ошондуктан бул сөзгө амал кылуу максатында демөөрчүлөрдүн колдоосу менен муктаждарга соопчулук иштерин уюштуруп жатабыз”, – деди Нурсултан ажы Назарбаев.

Назарбаевдин айтымында, жардам алган муктаж үй-бүлөлөрдүн жүзүндөрүнө кубаныч тартууланып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.