Кызыл-Кыядагы борбордук мечитте көрктөндүрүү иштери жүрүүдө

Кызыл-Кыя шаарындагы “Мураталы  ажы Жуманов” атындагы борбордук мечитинин багын көрктөндүрүү, түнкү жарыктандыруу, унаа токтотуучу жайларды оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

Мечиттин имам-хатиби Мырзалим Каратаевдин айтымында, көрктөндүрүү жамааттын колдоосу менен жасалууда. Учурда борбордук мечитинин кире беришине тосмо, бурсчатка, түнкү жарыктандыруу чырактары орнотулуп, арча тигилди. Көрктөндүрүү иштерине жалпы 150 миң сомдой акча каражаты сарпталды.

Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Ярмухаммед Дубанаев бул тууралуу: “Мечиттерди матриалдык жана руханий жактан жандандыруу зарыл. Мечитке келгендер ибаадаттарын ыңгайлуу шарттарда аткаруусу үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү иштери жүрүүдө. Элибизде «эшигин көрүп, төрүнө өт» деген сөз бар. Сырткы көрктөндүрүү иштерин жасоого да аракет көрүүдөбүз. Биз шаардагы бардык мечиттерге элге ыңгайлуу шарт түзүү боюнча тапшырма бергенбиз”, – деп билдирди.