Баткенде «Аялдын бактысы кайда катылган?» аттуу иш-чара өткөрүлдү

Баткен шаарындагы Аппаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында Баткен облустук мусулмандарынын казыяты тарабынан аялдар үчүн «Аялдын бактысы кайда катылган?» аттуу теманын алкагында лекция уюштурулду.

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров саамалыкты ачып, жаштардын тарбиясын жакшыртууда аялдардын  орду, үй-бүлө институтун бекемдөө тууралуу баяндап берди. Андан соң иш-чарага конок катары чакырылган Өктөмхан Абдувалиева жана Саида Абдураимова «Аялдын бактысы кайда катылган?» жана “Өмүр сапары” аттуу  темаларда аялзаты үчүн керектүү кеңештерин айтып, дем-күч беришти.

Саамалык Баткен казыятынын аялдар менен иштөө адиси тарабынан уюштурулуп, жыйын соңунда атайын баяндама жасагандыгы үчүн Өктөмхан Абдувалиева жана Саида Абдураимовага ыраазычылык билдирилди. Иш-чарага утурлай эле казыят кызматкерлери менен баш имам-хатибдер арасында жыйын болуп, бир канча чечимдер кабыл алынды.