Ош облустук казыятынын кезектеги көчмө жыйыны Кара-Сууда өткөрүлдү

Ош облустук казыятынын райондук баш имам-хатибдер менен биргеликте кезектеги көчмө жыйыны Кара-Суу районунда болуп, анда райондогу жалпы имамдар жыйынында «Улут уңгусу салттуу Ислам» аталышындагы теманын алкагында баяндамалар жасалды.

Жыйын башында облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев райондун жаңы баш имам-хатиби Исак ажы Юнусовду жалпы имамдарга тааныштырды.

Жыйындын алгачкы баяндамасын Абибилла ажы Кадырбердиев өзү баштап, имамдын жоопкерчилиги, үй-бүлө баалуулуктарын сактап калуу же ажырашууну болтурбоо үчүн нике кыюу учурунда баяндарга көбүрөөк басым жасоо жөнүндө айтып өттү. Анда соң, жыйындын негизги темасы болгон «Улут уңгусу салттуу Ислам» боюнча өз баяндамасын жасады.

«Алла Таала кереметтүү Куранда: «Эй адамдар! Биз силерди эркек ургаачыдан жараттык. Ошондой эле бири-бириңерди таанып билишиңер үчүн урууларга жана элдерге бөлүп койдук» деп айткан. Демек бөлүнүп жарылуудан алыс болуу керек. Биздин уруу-урууга, улуттарга бөлүнүп калуубуздун негизги себеби бири-бирибизди таанып билишибиз үчүн гана. Мактануу же башка максатта эмес. Ошондой эле, ар дайым ата-бабабыз карманып келген динди бекем кармануу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Ал эмне үчүн салттуу Ислам деп аталып калды. Анткени салттуу Ислам деп Ханафий мазхабы, Матуридий акыйдасынын Орто Азияда калыптанган үлгүсү болуп саналат. Анткени баарыбызга маалым болгондой, географиялык абалга жараша айрым маселелердин жооптору өзгөрүп турат. Ошондой эле, өкүм чыгарууда жергиликтүү элдин үрп-адаттарын эске алуу шариzтта каралган», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Жыйындын алкагында райондун баш имам-хатибдери да темага байланыштуу өз баяндамаларын жасашты. Саамалык соңунда райондогу жигердүү кызмат кылып келе жаткан 4 имамга казыяттын Ардак грамотасы тапшырылды.