Айдаркендин борбордук мечитинин имам-хатиби окуучуларды туура максат коюуга чакырды

Баткен облусундагы Кадамжай районунун Айдаркен шаарында №7 Айдаркен, №19 Б.Садыков жана  №20 Маканов атындагы орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү жана мугалимдери катышкан «Мекенге кызмат мектептен башталат» аттуу иш-чара болуп өттү.

Ынтымак, биримдик, билимдүү болуу пропаганда кылынган иш-чаранын жүрүшүндө Айдаркен шаарынын борбордук мечитинин имам-хатиби  Абдимуталиб Усманов учурда тарбияга көбүрөөк көңүл буруу керектигин баса белгиледи.

Ошондой эле кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган маалыматтар менен бөлүшүп, окуучуларды туура максат коюуга чакырды: «Ар бир окуучунун максаты, жакшы ниети болуш керек. Ошол ниет окуучуну алдыга жетелейт. Ниет болмоюн, ийгилик жаралбайт. Андыктан бардык окуучуларды жакшы ниет кылууга, чоң максат коюуга чакырам».