«Азирети Али» медресесинин студенттери өрт учурунда эмне кылуу керек экенин үйрөнүштү

Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарында жайгашкан «Азирети Али» медресесинин студенттерине ӨКМдин «Өрт өчүрүү» бөлүмү тарабынан өрт чыккан учурда эмне кылуу керек жана эмне кылууга болбойт экенин, атайын адистер түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, практикалык сабак өтүлдү.

Сабак учурунда адистер өзгөчө кырдаал учурларда кандай жабдуулар керектигин жана аларды колдонуу эрежелерин иш жүзүндө көрсөтүп беришти.

«Кырсык – каш кабактын ортосунда дегендей, кооптуу кырдаалдарда эмне кылуу керек экенин ар бирибиз үйрөнүүгө милдеттүүбүз. Өзгөчө тилсиз жоо өтө коркунучтуу жана анын кесепети абдан оор болот. Мына ошол учурда эмне кылуу керек экенин адистер студенттерге өрт коопсуздугу боюнча лекция окуп, андан соң өрттү суу менен кантип өчүрүү, тетиктерди кантип колдонуу керек экендигин иш жүзүндө жүзүндө көрсөтүп берди», – деди медресе кызматкери Искандар Маарайымов.