«Жабир» медресесинде мыкты студенттерге Ардак грамотасы тапшырылды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айыл өкмөтүндөгү «Жабир» кыздар медресесинде окуу жылы аяктап, мыкты делинген студенттерге Ардак грамотасы тапшырылды. Ошондой эле жергиликтүү чоң эжелер окуу курсун бүтүргөндүгү үчүн сертификаттар тапшырылды. Жыл жыйынтыктоо аземине Ош облусунун казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков катышып, студенттерге Ардак грамоталарды тапшырып, өз кеп-кеңешин айтып өттү.

«Окуп үйрөнүүнүн мөмөсү – бул анын таасирин иш жүзүндө көрсөтүү. Жайкы каникул үчүн үйгө барганда, өзүңөрдүн жакшы жакка өзгөргөнүңөрдү көрсөтүп, башкаларга үлгү боло алууңар керек. Ошондой эле, ата-энеңерге талыкпастан кызмат кылып ак батасын алып кайткыла», – деди Абдималик ажы Турсунбеков.

Айта кетсек, иш-чаранын соңунда, студенттерге таалим-тарбия берип, эмгектенип келе жаткан мугалимдерине да ыраазычылык каттары тапшырылды.