Нуридин ажы Мамасабиров мектеп бүтүрүүчүлөрүн куттуктады

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров БатМУнун алдындагы «Баткен Ыйман» гимназиясынын аяктап билим уясынан турмуш сапарына канат каккан бүтүрүүчүлөрдүн акыркы коңгуроо иш-чарасына катышты.

Иш-чара жүрүшүндө облус казысы сөз сүйлөп, бул күн бүтүрүүчүлөрдүн ар биринин жеке жашоосунда эстен кетпей турган эң маанилүү күн экендигин белгилеп, каалоо-тилегин айтты.

“Бүгүн сиздер жашоонун дагы бир маанилүү бөлүлүгүнө кадам таштап отурасыздар. Жогорку окуу жайларынан терең билимге сугарылып, өз багытыңыздарды жаңылбай тандап алсаңыздар сиздерди алдыда зор мүмкүнчүлүктөр, маанилүү учурлар күтүп турат. Өлкөбүздүн келечеги билимдүү жаштар экенин эч качан эстен чыгарбаңыздар. Сиздер билимдүү болсоңуздар гана өлкө бакубат, анда жашаган элибиздин келечеги жаркын болот”, – деди облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров.

Ошондой эле билим берүү тармагында жана жаштарыбызды адептүүлүккө тарбиялоодо алардын руханий жактан өнүгүүсүнө кошкон зор салымы, жигердүү ак эмгеги жана үлгүлүү кызматы үчүн аталган окуу жайдын кызматкерлерин Баткен казыятынын Ардак грамотасы менен сыйлады.