Кара-Сууда 20 жылдыктар айылдагы мечитке жаңы килем төшөп беришти

(иллюстрациялык сүрөт)

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айыл аймагынын «Корок» айылындагы 2004-жылы Эркин-Тоо орто мектебинин бүтүргөн 1987-жылкылардын демилгеси менен айылдагы «Корок» мечитине жаңы килем салуу үчүн 117 миң сомдук акча жумшалды жана муктаж үй-бүлөгө бир бодо мал белек кылышты.

«Жыл өтүшү менен бара-бара жаштарыбыз жакшылык иштерди жасоодо жарышып калышты. Районубузда имамдарыбызды сыйлап, айрым мечиттерде жергиликтүү тургундар умра сапарына жолдомо, авто унаа сыяктуу белектерди берип келүүдө. Ошолордун катарында Кызыл-Суу айыл аймагындагы 20 жылдыктар топтогон акчаларын ысырап кылбастан, жакшылык иштерге жумшап жатышат. Аллахым уюштуруучулардан ыраазы болсун», – деди Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Исак ажы Юнусов.