Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров белгилүү кары Имамали Тажибаевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров белгилүү кары, 10 кырааттын ээси Имамали кары Тажибаевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты.

Айтылуу 10 кырааттын устаты, белдүү карыбызды жоготуу бизди убайымга салды.

“Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35).

“Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Имамали кары өмүрүн Куранга арнап, Куран илимдерин терең өздөштүрүп, мечит жана диний окуу жайларда эмгектенип, жаштарга, студенттерге Куран үйрөтүп келген. Алла Таалам карыбызды өз ырайымына бөлөп, бейиш төрүнөн орун берсин. Карыкебиздин үй-бүлөсүнө, жакындарына, дос-санаалаштарына көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөм.

Терең кайгыруу менен көңүл айткан,

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров.

Имамали кары тууралуу:

Имамали кары Тажибаев 1980-жылдын февралында Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Ак-Арык айылында жарык дүйнөгө келген. Жаш кезинен молдо Кудайкул дамладан алгачкы диний таалимин алган. Ал Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинде, Кара-Балта ислам институтунда, ошондой эле «Хазрети Осмон» ислам институтунда окуп, Куран жаттаган. Андан соң Мисирге сапар тартып, ал жакта дээрлик 20 жылдай Куран илимин алган. Тактап айтканда 20 риваят, 10 кыраат боюнча ижаазат алууга жетишкен.

2021-жылы Мекенине кайтып КИУда билим бере баштаган. Ал тарбиялаган шакирттери республикалык жана эл аралык Куран жарыштарында ийгиликке жетишүүдө.

2022-жылдан тарта «Билим чырагы» окуу борборунун мүдүрү;

2023-жылдан баштап Бишкек шаарындагы «Хайр-Хижрат» мечитинин имам-хатиби кызматын аркалап келген.

Имамали кары Тажибаевдин артында 3 уулу, 1 кызы калды.