Кара-Сууда 20 жылдыктар мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга үй куруп беришти

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Тельман айылында 2004-жылы мектепти бүтүргөн 1986-жылкылардын демилгеси менен Юсупжан Юсуповго 1млн. 300 миң сомго бардык шарттары бар 4 бөлмөлүү үй куруп берилди. Аталган жаран ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, тактап айтканда 3-топтогу майып, эки кыз, бир уулдун атасы.

«Пайгамбар алайхи салам «Кимде-ким адамдарга рахмат айтпаса, Аллахга шүгүр айтпаган болот» деп айткан. Мен ушул керемет хадисти орундатып, муктаж жаранга үй куруп берген Тельман айылынын 1986-жылкы берешен, чыгаан балдарына терең ыраазычылык билдиремин. Курган үйүңөр куттуу жана берекелүү болсун! Элибизде «Атанын уулу болуш урмат, элдин уулу болуш кымбат» деген кеп бар. Ар дайым элдин кызматын кылган, элдин жүгүн көтөргөн, элдин ишенимин, үмүтүн актаган, эл уулу болуп, элдин ак батасын алып жүрүүнү Аллах сиздерге насип кылсын. Сиздердин кылган бул ишиңер өзүңөрдөн кийинки муунга үлгү, сабак болот деген үмүттөмүн», –деди “Исмаил Ата” мечитинин имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров.

Иш-чара алкагында Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Нурланбек Кочкорбаев Кара-Суу районунун калкынын жашоо-турмушун оңдоого жана Кыргыз Республикасынын Президентинин №54 Жарлыгына ылайык ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө максатында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кайрымдуулук жасоодо кошкон зор салымы үчүн Кара-Суу шаарындагы №49 Э.Тельман атындагы орто мектебинин 2004-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөргө Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Темирболот Абыкеевдин Ыраазычылык катын тапшырды.