КМДБнын “Ыйман” командасы “Мурас” достук турнирине катышууда

Бүгүн, 25-май күнү футбол боюнча салтка айланган кезектеги “Мурас” достук турнири кызуу башталды. Аталган мелдешке Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров башында турган дин ишмерлеринин “Ыйман” командасы катышууда.

Бул мелдеш мамлекет башчысы Садыр Жапаров тарабынан демилгеленип, алтынчы жолу өткөрүлүп жатат.

Турнирдин ачылышында ЖК Төрагасы Нурланбек Шакиев ар бир оюнчуну жигердүү ойноп, жакшы жыйынтык көрсөтүүгө чакырып, “Спорт – бул достуктун жана биримдиктин жарчысы. Андыктан, бул спорттук иш-чарадагы негизги максат жеңишти багынтуу эле эмес, ынтымакты даңазалоо жана сергек жашоо образын жайылтуу”, – деп билдирди.

Эскерте кетсек, турнирде 16 команда күч сынашууда. Алардын катарында Садыр Жапаров баштаган “Президент”, Төрага Нурланбек Шакиев баштаган “Жогорку Кеңеш” командалары, мугалим-окутуучулардан, дарыгерлерден, коопсуздук кызматкерлеринен, дипломаттардан, жергиликтүү жетекчилерден, журналисттерден, ишкерлерден, өнөрпоздордон, спортчулардан жана башка тармактардын өкүлдөрүнөн турган командалар бар.