Бакыт ажы Кайкиев: Жалпы элге пайдасы тийген иштерди аткарсак сообу чоң

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кош-Дөбө айылында райондун баш имам-хатиби Бакыт ажы Кайкиевдин катышуусунда ынтымак жыйыны өтүп, анда ислам дининин асыл баалуулуктары, ынтымак, биримдик, ысырапкерчиликти азайтуу, жакшылыкта көмөктөшүү жана маркумду акыркы сапарга узатуудагы маселелер талкууланды.

Райондун баш имам-хатиби ар бир коом, жамаат ар кандай ийгиликтерге жетүүсү үчүн эң оболу ошол элде биримдик, ынтымак болуусу шарт экендигин билдирди.

«Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Мекке шаарынан Мадина шаарына көчүп келгенде эң алгач адамдарды бир тууган кылып, ынтымак коомду түзө алган эле. Ошол ынтымактуу эл кийин эң алдыңкы коом курган. Азыр дагы биз келечекте күчтүү эл болууну кааласак ынтымакты, биримдикти алдыга коюшубуз керек. Элибизде «Ырыс алды-ынтымак» деген сөз бекеринен айтылган эмес. Куранда Алла Таала: «Жегиле, ичкиле ысырап кылбагыла!»-дейт. Башка аятында ысырап кылгандар шайтан менен бир тууган деген маанидеги аяттары бар. Андыктан бир туугандар!  Аш тойлордо ысырапчылык кылбайлы, анын ордуна жалпы элге пайдасы тийген иштерди аткарсак сообу чоң болот»,-деди баш имам-хатиб.