№2024 аскер бөлүгү Ош шаарынын казысын, казыятты ардак баракча жана ыраазычылык менен сыйлады

 

Кечээ, 28-май күнү Ош шаарындагы №2024 чек кызматы боюнча аскер бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматына 25 жыл болгондугуна байланыштуу атайын иш-чара уюштурулуп, ага жалпы Ош шаарындагы аскер бөлүктөрүнүн кызматкерлери жана Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов катышты.

Саамалыктын алкагында жалпы кызматташкан жетекчилерге ардак грамоталар тапшырылып ыраазычылык билдирилди. Ошондой эле Ош  шаардык мусулмандар казыяты дагы 2023-жылдын башынан бери  жакындан иштешип, аскер бөлүккө жаңыдан келген жоокерлерге байма-бай лекцияларды өткөрүп келгендиктен аскер бөлүктүн жетекчилиги тарабынан Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушовго ардак грамота тапышырылса, ал эми Ош шаардык казыятынын эмгек жамаатына ыраазычылык кат тапшырылды.

Белгилей  кетсек №2024 чек ара аскер бөлүгүнүн иш планында шаардык казыят менен ар бир лекцияларды уюштурууну бекиткен.