Азирети Муфтийдин орун басары “Манас” эл аралык аэропортунун Инфраструктураны өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы менен жолугушуп, ажыларды узатууну талкуулашты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев жана КМДБнын аппарат жетекчиси Азамат Исмаилов «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун Инфраструктураны өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бекбача уулу Бакытбек менен жолугушуп, Бишкек шаарынан ыйык сапарга уча турган ажыларды узатуу, аларга шарттарды түзүү жана эки тараптуу кызматташуу жаатында пикир алышты.
Муну менен катар жолугушууда ажыларды коштоп бара турган ажы башчыларга инструктаж өтүү, аэропорттогу жол картаны, коопсуздук эрежелерин түшүндүрүү жаатында пикир алышты.
««Манас» эл аралык аэропорту болочок ажыларыбызды учуруу үчүн учурда бардык даярдыктарды көрүп жатабыз. Командабыз менен бирге кошумча коридор түзүп, ыйык сапарга жөнөп жаткан мекендештерибизге жол карталарды да көрсөтүп беребиз. Эң башкысы ажы башчыларыбыз жакшы кызмат кылып бериши керек»,-деди Бекбача уулу Бакытбек.
Ал эми Азирети Муфтийдин орун басары бүгүнкү күндө ажыларга сабактар өтүлүп, коопсуздук эрежелери, Сауд Араб Падышалыгынын мыйзамдары, ажылык амалдарынын туура аткарылышы боюнча сабактар өткөндүгүн, ажы башчыларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.
«Бүгүн, эртең ажы башчылар үчүн атайын жыйындарды өтүп, сиздер тараптан түзүлгөн эрежелерди түшүндүрөбүз. Буга чейин дагы инструктаж өтүлгөн эле. Бирок бул жолкусунда жаңы жол картаны түшүндүрүп, ар бир ажынын коопсуздугуна жоопкер экендигин эскертебиз. Чындыгында «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому ажыларга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жылдан жылга жакшыртып келет. Биз сиздерге ыраазычылык билдирип, Жараткандын колдоосун тилейбиз»,-деди Жолдошбек ажы Абдылдаев.
Эскерте кетсек, 31-майда биринчи каттам Ош – Медина багыты боюнча башталат. 31-майдан 8-июнга чейин Ош – Медина жана Ош-Жидда багыттары боюнча 4018 жаран учуп кетмекчи. Ал эми Бишкек шаарынан алгачкы каттам 6-июнда башталып, 10-июнга чейин уланат. Жалпысы болуп 2042 жаран Бишкек – Медина, Бишкек – Жидда багыттары боюнча жөнөп кетишмекчи. Быйылкы жылы 6060 жаран өздөрүнүн ажылык ибадаттарын аткаруу үчүн Сауд Араб Падышалыгына жөнөп кетишмекчи.