Азирети Муфтий муфтияттын халал бөлүмүнүн кызматкери Келдибек ажы Аскаралиевдин апасынын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланышуу көңүл айтты

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Азирети Муфтий  Абдулазиз кары Закиров КМДБнын халал иштери боюнча кызматтарды жана продукцияларды сертификациялоо бөлүмүнүн адиси Келдибек ажы Аскаралиевдин апасы Садыкбек кызы Сабыркандын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтат.

Урматтуу Келдибек ажы! Апаңыздын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу Муфтияттын эмгек жамааты терең кайгыруу көңүл айтат. Сабыр кылыңыз! Алла Таалам сизге күч-кубат берсин. Жараткан маркум энеңизди Өз ырайымына алып, Бейиш бакчаларынан орун берсин.

“Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35). “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын эмгек жамааты сизге, үй-бүлөңүзгө жана туугандарыңызга көңүл айтып, кайгыңызды тең бөлүшөт.