«Манас» эл аралык аэропортунун кызматкери Бишкек-Медина, Бишкек-Жидда багыттары боюнча уча турган ажы башчыларга инструктаж өттү

Бүгүн, 29-майда «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун кызматкери Арстанбек Арыков «Манас» эл аралык аэропорту аркылуу Бишкек-Медина, Бишкек-Жидда багыттары боюнча уча турган ажы башчылар менен жолугушту. Аталган жолугушууга 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы Самидин кары Атабаев, Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев катышып, Сауд Араб Падышалыгынын ажылык мезгилинде иштей турган мыйзамдарын, талаптарын жана коопсуздук эрежелерин түшүндүрсө, штаб төрагасы Медина жана Мекке шаарындагы штабдын ишин түшүндүрдү.

«Мына биз «Манас» эл аралык аэропортунун Инфраструктураны өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бекбача уулу Бакытбек мырза менен жолугушканда Бишкек шаарынан уча турган болочок ажыларды узатуу тууралуу сүйлөшкөн элек. Буюрса жакшы даярдыктар көрүлүп жатат. Мына бүгүн сиздерге аэропорттун өкүлү Арстанбек Арыков келип коопсуздук эрежелерин, тартиптерди түшүндүрүп жатат. Ушул жерден алган маалыматтарды ажыларга жеткирип, ажыларды узатууда тартипти бекем сактайлы»,-деди Жолдошбек ажы Абдылдаев.

Ал эми «Манас» эл аралык аэропортунун коомунун кызматкери учурда аэропортто  ажылардын алгачкы тобун сапарга узатууга, каттамдарды уюштурууга кызуу даярдык жүрүп жаткандыгын айтты.

«Быйыл ажыларды ыйык сапарга узатуу аэропорттун чоң залында уюштурулат. Андыктан биз сиздер үчүн атайын өзүнчө коридор түзүп, шарттарды түзүп берүү аракетин көрүүдөбүз. Эми ажыларды көзөмөлдөө, коопсуздуктарын кароо жана учуп кетүүгө чейинки процесстерди түшүндүрүү сиздердин милдет. Ажы башчылар өз милдеттерин туура аткарса эч кандай маселе жаралбайт»,-деди Арыков.