Азирети муфтий Абдулазиз кары Закиров КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев менен жолугушту

Бүгүн, 30-май күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ош облусуна жасаган расмий иш сапары алкагында КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев менен жолугушту.

Жолугушууда  өлкөнүн тынчтыгы, элибиздин амандыгы, ынтымагын бекемдөөдө тыгыз иш алып баруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

«Алдында көптөгөн жакшы пландарыбыз бар. Муфтияттын көчмө жыйынын облустарда өткөрүүдө ыйгарым укуктуу өкүлдөр менен макулдашып, жемиштүү өткөрөбүз деп ишенебиз. Облуска жаңы дайындалган казыбыз Абибилла ажы да көп жылдан бери диний башкармалыкта иштеген. Тажрыйбасы мол, дасыккан адистерибиздин бири. Сиздер менен тыгыз иш алып барууга даяр»— деди Азирети муфтий.

Муну менен катар Азирети муфтий бүгүн түнү ажылык сапарына аттануучулардын алгачкы тобу   Ош эл аралык аэропортунан учуп кете тургандыгын облус башчысына маалымдады.

Элчибек Жантаев да ар дайым кызматташууга даяр экендигин билдирип, КМДБнын ишмердүүлүгүнө, алдына коюлган пландардын аткарылуусуна ийгилик каалады.