Дастан ажы Мамаев: Айылдык мечиттердин абалын жакшыртууга багытталган иштерди баштадык

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев облус казысынын айылдык мечиттердин абалын жакшыртуу тапшырмасынын негизинде Ылай-Талаа айыл өкмөтүндөгү «Ылай-Талаа» мечитиндеги жүрүп жаткан курулуш иштери менен жеринде таанышты.

Мечиттин жергиликтүү жамаатынын колдоосу менен эски даараткана сүрдүрүлүп, ордуна жаңы даараткана салына баштаган.

«Облус казысы айылдык мечиттердин абалын жакшыртуу боюнча райондун баш имам-хатибдерине тиешелүү тапшырмаларды берген. Учурда айыл жерлеринде жергиликтүү жамаатын колдоосу менен жакшы иштер башталууда. Алгачкылардан болуп Курманбай ажы Мамажакыпов мечит жамааты менен биргеликте курулуш иштерин баштады. Учурда аймактардагы мечиттердин шарттарын жакшыртуу үчүн бардык аракеттерди жасап жатабыз»,- деди баш имам-хатиб.