Ноокатта мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүү боюнча жыйын өттү

Ош облусуна караштуу Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондогу жаңы курулуп жаткан мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүү боюнча жыйын өтүп, ага Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров баштаган дин кызматкерлери, акимдин орун басары Мамажунус Абилов,  айыл өкмөт башчылары, укук коргоо кызматкерлери, архитектура , кадастр жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Жыйындын алкагында жаңы курулуп жаткан мечиттер такталып, тиешелүү документтерин даярдоо, мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө жаатында биргеликте тыгыз иш алып баруу пландалды.

«Мечит салуу соопту иштерден болуп саналат. Муну баары моюнга алат. Бирок мечитти салгандан кийин анын тиешелүү иш кагаздарын даярдоодо бир топ кыйынчылыктар жаралууда. Анткени кээ бир мечиттин имараты жолго чыгып кеткен же туура эмес жерге салынып калган жагдайлар да жок эмес. Ошол себептен алгач жердин тиешелүү документтерин бүтүрүп, мечит курууда архитектура жана башка тиешелүү адистер менен кеңешип, андан соң курулушту баштоосу баарынын ишине жеңилдик берет. Жооптуу имамдарыбыз бул тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдө. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен  бул багытта мындан да тыгыз иш алып барууга даярбыз»,- деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.