Ош облусунун казысы аймактагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрү менен жолугушту

Ош облусунун казысы Абибилла ажы Кадырбердиев облус аймагындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрү менен жолугушуп, сабак берүү методикасы, бирдиктүү окуу программасынын аткарылышы, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар каралды.

«Өлкө боюнча диний окуу жайлардын көпчүлүгү биздин облуста жайгашкандыктан  жоопкерчиликти да сезе билүү керек. Диний окуу жайларда сабак берип келген мугалимдер өз ара тажрыйба алмашуусу керек. Кайсыл мугалим өз сабагынан мыкты адис болсо, анда ал мугалимди башка диний окуу жайларга да сабак өтүүсү үчүн график түзүү керек. Мына ошондо диний окуу жайларда окуган студенттердин арасында ынтымак бекемделип, баардык устаздарга болгон сый-урмат артат. Буга кошумча ДОЖ студенттери арасында облустук деңгээлде таймаштарды өткөрүп, алардын илим алуусуна болгон кызыгууну арттырууну да пландап жатабыз. Ошондой эле ар бир диний окуу жайларда кесиптик окуулар үчүн да шарт түзүп берүүнү сунуштайбыз»,- деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Жыйын соңунда ДОЖ мүдүрлөрү тарабынан суроолор, сунуштар айтылып, алардын бардыгы жазылып алынды.