Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Ош шаарынын мэри менен жолугушту

Бүгүн, 30-май күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ош шаарына жасаган иш сапарынын алкагында калаа мэри Бакытбек Жетигенов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Азирети Муфтий жылуу учурашуу үчүн шаар мэрине ыраазычылык билдирип, мэрия жамаатына ийгилик каалады.

«Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин тийиштүү чечимдерине, мамлекеттик мекемелер менен кабыл алынган биргелешкен иш мерчемдердин тиешелүү пункттарына ылайык жергиликтүү бийлик менен тыгыз кызматташып келебиз. Ош шаардык казыяты биз менен, өзгөчө шаардык казыятыбыз менен жакын байланышта болуп, эриш-аркак иштешип келет. Кылган кызматыңыздардан Алла Таалам ыраазы болуп, кабыл кылсын», – деп билдирди Азирети Муфтий.

Тараптар шаар калкын диний-руханий жактан өнүктүрүү, диний объектилердин абалы, курулушу жана эсептик каттоодон өткөрүү ж.б. талкуулашты.

Азирети Муфтий жакын арада калаанын көркүнө көрк, кооздугуна кооздук кошо турган борбордук мечиттин долбоору боюнча айтып, бул жаатта жакындан колдоо көрсөтүп жаткан шаар мээрине ыраазычылык билдирсе, шаар башчысы атайын убакыт бөлүп зыярат кылган КМДБ жетекчисине ыраазычылык айтып, ар убакыт кызматташууга кызыкдар экенин кошумчалады.