Ошто ажы башчыларга соңку ирет жыйын өтүп, нускамалар берилди

Бүгүн, 30-май күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев Баткен, Жалал-Абад, Ош облустары жана Ош шаарынан ажылыкка аттана турган зыяратчыларды коштоп баруучу ажы башчыларга жыйын өткөрдү. Жыйында учуу графиктери, жүктөрдү алуу-салуу тартиптери, САПтагы мейманканага жайгаштыруу ж.б. маселелер айтылды.

«Исламдын беш парзынын бири болгон улуу ажылыкка аттанган жандарды коштоп баруу да шарапаттуу иш. Андыктан ар бириңиздер өз ажыларыңыздарга кам көрүп, ибадатынын толук жана кооз болушуна көңүл буруңуздар. Ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штаб менен тыгыз байланышта болуп, чечимдерине баш ийиңиздер», – деди Азирети Муфтийдин орун басары.

Айта кетсек, жыйынга КМДБнын ажылык-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адиси Самидин ажы Мамаев жана Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов башында турган казыят кызматкерлери катышты.

Эскерте кетсек, бүгүн, 31-майда биринчи каттам Ош – Медина багыты боюнча башталат. 31-майдан 8-июнга чейин Ош – Медина жана Ош-Жидда багыттары боюнча 4018 жаран учуп кетмекчи. Ал эми Бишкек шаарынан алгачкы каттам 6-июнда башталып, 10-июнга чейин уланат. Жалпысы болуп 2042 жаран Бишкек – Медина, Бишкек – Жидда багыттары боюнча жөнөп кетишмекчи. Быйылкы жылы 6060 жаран өздөрүнүн ажылык ибадаттарын аткаруу үчүн Сауд Араб Падышалыгына жөнөп кетишмекчи.