Бүгүн кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Ош – Медина багыты боюнча Сауд Араб Падышалыгына учуп кетишмекчи

Бүгүн, 31-майда кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Ош – Медина багыты боюнча Сауд Араб Падышалыгына учуп кетишмекчи. 31-майдан 8-июнга чейин Ош – Медина жана Ош-Жидда багыттары боюнча 4018 жаран учат. Ал эми Бишкек шаарынан алгачкы каттам 6-июнда башталып, 10-июнга чейин уланат. Жалпысы болуп 2042 жаран Бишкек – Медина, Бишкек – Жидда багыттары боюнча жөнөп кетишмекчи.

Быйылкы жылы 6060 жаран өздөрүнүн ажылык ибадаттарын аткаруу үчүн Сауд Араб Падышалыгына жөнөп кетишмекчи.