Ош: Азирети Муфтий аймактык китеп окуу конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ошко жасаган иш сапарынын алкагында аймактык китеп окуу конкурсунун жыйынтыктоо жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине катышты.

Аталган саамалыкка Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев, Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев, Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов, казыят кызматкерлери, баш имам-хатибдер, имамдар, ошондой эле «Дарак» басма үйүнүн жетекчилиги, «Примов» кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү жана конкурс жеңүүчүлөрү катышты.

Азем театралдашкан сахналык көрүнүштөр менен коштолуп, таланттар өнөрлөрүн тартуулашты.

«Бүгүнкү иш-чара абдан жакшы уюштурулганына күбө болуудабыз. Өзгөчө иш-чара башындагы сахналык көрүнүш абдан мыкты чагылдырылды. Сахналык көрүнүштө айкын көрсөтүлгөндөй, бир учурларда мунаралардан азан айтылбай, мечиттерде намаз окулбай калган. Ошого карабастан аталарыбыз динин бекем сактоого тырышкан. Күч келгенде дини үчүн хижрат кылууга мажбур болушкан. Алардын дубасы, аракети менен Алла Таалам бизге эгемен өлкөнү насип кылды. Биз ушул дөөлөттүн баркын билип, өлкөбүз үчүн, динибиз үчүн башын сайган аталарыбызды унутпай, аларга ар убак дуба кылалы», – деди Азирети Муфтий өз сөзүндө.

Абдулазиз кары Закиров саамалыкта китеп окуунун мааниси жана билимдин пазилети боюнча кеңири токтолуп, иш-чараны уюштурууга салым кошкондорго терең ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Ош облусу жана шаарынын имамдары арасында «Мухтасар аль-Викая» китебинен, мындан сырткары Ош шаарындагы аялдар арасында «Пайгамбарымды жакындан тааныймын» аттуу китеп окуу конкурсу уюштурулган. Китеп окуу конкурсуна «Примов» кайрымдуулук фонду демөөрчүлүк кылып, ири өлчөмдөгү байге коюлса, масштабдуу иш-чара казыяттар тарабынан өткөрүлгөн.

Иш-чара соңунда байгелүү орундун ээлерине акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер берилди. Ошондой эле өмүрүн дин исламга арнаган аалымдарга уюштуруу тобунун атайын сыйлыктары тапшырылды.