Медина шаарындагы мейманканалар кыргызстандык ажыларды кабыл алууга даяр

Медина шаарындагы мейманканалар кыргызстандык ажыларды кабыл алууга даяр. Бул туурасында жеринде 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча көчмө штабдын өкүлдөрү Жоробай ажы Шергазиев жана Мырзакул кары Осмонов кабарлашты.
Учурда бардык сүйлөшүүлөр аяктап, ажылардын келишине камылгалар көрүлүп жатат.
«Азыркы учурда мейманканалардагы шарттар, тамак-аштар, ажылардын коопсуздугу, автобустар боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр уланып, дагы бар жолу ар бирин кылдат тактап жатабыз. Себеби, ажылык милдеттерин өтөө үчүн келген жарандарыбызды жакшы тосуп алып, аларга жол картасын түшүндүрүп беришибиз зарыл»,-деди штаб мүчөсү Жоробай ажы Шергазиев.