Ажылык – 2024: Зыяратчылардын алгачкы тобу Ош эл аралык аэропортунан аттанды

Бүгүн, 31-май күнү Кыргызстандан ажылык ибадатын аткаруу үчүн аттанган зыяратчылардын алгачкы тобу Ош эл аралык аэропортунан аттанууда. Болочок ажыларды ыйык сапарга узатууга Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров баштаган КМДБ кызматкерлери, Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради, Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушев жана Ош облусунун казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков башында турган дин ишмерлери катышты. Ажыларды узатуу саамалыгында катышуучулар

сөз сүйлөп, ажылык ибадатын аткарууда Алла Тааланын жеңилдик берүүсүн тилеп дуба кылышты.
«Ушул күн, ушул сааттар сиздер жана биздер үчүн абдан маанилүү учур. Анткени сиздер Алла Тааламдын чакырыгына моюн сунуп, улуу ибадатка бой таштап, «Лаббайка аллахумма лаббайк» деп ак жолго аттануу алдында турасыздар. Миллиондогон элдин ичинен тандалып бара жатканыңыздар эмне деген керемет! Ай барып, аман келиңиздер. Ыйык жайларда элибиз-жерибиз үчүн, өлкөбүз үчүн сөзсүз дуба кылыңыздар», – деди Азирети Муфтий.
Ал эми зыяратчыларды узатуу үчүн атайын келген калаа башчысы ажылыкка аттангандарга ак жол кааласа, САПтын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради зыяратчылардын ажылыгын кабыл болуусун тилеп, үммөт үчүн дуба кылууну өтүндү.