Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Медина шаарына конду

Бүгүн, 31-май күнү Кыргызстандан ажылык сапарына аттанган алгачкы топ Сауд Араб Падышалыгынын Медина шаарына жетти. Бул тууралуу 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын өкүлү Жоробай ажы Шергазиев билдирди.

«Алланын жардамы менен ажыларыбыздын алгачкы үч тобу Саудиянын ыйык Медина жана Жидда шаарына сак-саламат келип конду. Бул үчүн Улуу Жаратканга миң мертебе шүгүр айтабыз. Ажыларды тосуп алуу боюнча УРШ кызматкерлери жигердүү иш алып барууда. Өз кезегинде дүйнөнүн булуң-бурчунан агылган зыяратчыларга жакшы шарттарды түзүп, жылуу тосуп алган САПтын ажылык министрлигине ыраазычылык билдиребиз», – деди Жоробай ажы Шергазиев.

Эскерте кетсек, бүгүн 31-майда Ош-Медина багыты боюнча биринчи реис аткарылып, ажылардын алгачкы үч тобу ыйык сапарга аттанып кеткен.