Мединага жеткен зыяратчылар мейманканага жайгаштырылууда

Кыргызстандан ажылыкка аттанган зыяратчылардын алгачкы реиси нурдуу Медина жана Жидда шаарына жасалып, алдыңкы топтор мейманканаларга жайгаштырылды. Бул тууралуу 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын мүчөсү Мурзакул кары Осмонов жеринен маалымдады.

«Бүгүн 3 учак менен алгачкы реис ишке ашып, ажыларыбызды аэропорттордон күтүп алып, Медина жана Жидда шаарларындагы мейманканаларга жайгаштырдык. Кийинки каттамдар менен келе турган ажыларыбызды да тосуп алып, автобустар менен коштоп бармакчыбыз. Кудай буюрса, ажылыкка жана ажыларга кызмат кыла беребиз», – деди Мурзакул кары Осмонов.
Айта кетсек, быйыл САП Кыргызстанга 6060 квота бөлүп, ажылыктын нарктамасы 3750 АКШ долларын түзгөн.