Жидда шаарына конгон зыяратчыларды тосуп алып, мейманканага жайгаштыруу иштери аткарылууда

Кыргызстандан ажылык амалдарын аткаруу үчүн Саудия Араб Падышалыгынын Жидда шаарына конгон зыяратчыларды тосуп алуу жана мейманканаларга жайгаштыруу иштери кызуу жүрүүдө. Бул боюнча 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын өкүлү Кызырбек ажы Жээнбеков билдирди.
«Бүгүн Ош шаарынан Жиддага 2-топ келип конду. Ажыларыбыздын маанайлары жакшы. Алла Таала ажылыкты бекем ниет кылып, пайгамбарыбыздын изи калган жерге келген ажыларыбыздын ибадаттарын кабылдасын», – деди ал.
Ал эми КМДБнын ажылык-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адиси Эсенали ажы Убайдуллаев ажыларды аэропорттон тосуп алып, Мекке шаарына жайгаштыруу УРШ тарабынан колго алынып, ажылардын тамак-ашы өз убагында берилип жатканын айтып, Кыргызстандан барган зыяратчылар үчүн «Вакф аль-Авваам» фонду 2 фура минералдык суу белек кылганын билдирди.