УРШ төрагасы Мединадагы мейманканалардан кабар алды

Бүгүн, 2-май күнү 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабынын төрагасы Самидин кары Атабаев баштаган штаб өкүлдөрү Сауд Араб Падышалыгынын Медина шаарындагы мейманканаларды зыярат кылып, кыргызстандык ажылардан кабар алды. Анын алкагында Odst Hotel Al-Madina мейманканасынын мүдүрү Хазем Раафат менен жолугушуп,ажыларды тейлөө, тамак-аш жана ибадат графиктери боюнча пикир алышты.