УРШ өкүлдөрү Мединадагы ажыларга кызмат көрсөтүү бюросун зыярат кылды

2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын өкүлдөрү Сауд Араб Падышалыгынын Медина шаарында жайгашкан Ажылык-умра министрлигинин алдындагы №5 ажыларга кызмат кылуу бюросун зыярат кылды. Зыяраттын жүрүшүндө кыргызстандык ажылардын визалары, келүү-кетүү графиктери жана топтор боюнча пикир алмашуу болду.

«Кудай буюрса зыярат абдан жакшы өттү. Азыркы учурда Мединага 4 реис, тактап айтканда 672 ажы келген. Алдыда Мединага 7 реис аткарылышы күтүлүүдө», – деп билдирди УРШ өкүлү, КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев.

Аталган мекеменин жетекчиси Ахмад ибн Шахат УРШ өкүлдөрүн жылуу кабыл алып, дүйнө жүзүнөн келген ажылардын сервиси жакшыртылып жатканын белгиледи.