Баткен облусунун казысы Андарак айылынын тургундары менен жолугушту

Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнүн Андарак айылынын тургундары менен жолугушту. Эл менен жолушууда облус казысы айыл тургундарын өз ара ынтымакка, достукка чакыруу менен салттуу ислам дини бекем кармоого, ата-бабаларыбыз сактап келген улуу имам Абу Ханифа мазхабын жайылтууга, туура эмес агымдардан алыс болууга үгүттөдү.

“Үй-бүлө кичинекей мамлекет, өлкөбүз  үчүн үй-бүлөнүн мааниси чоң. Үй-бүлө канчалык бекем болсо, балдарыбыз жакшы тарбия алса, коом дагы, мамлекет дагы туруктуу болуп, натыйжада мамлекеттин өнүгүп-өсүшүнө оң таасирин тийгизет. Андыктан үй-бүлөнүн бекемдиги динибизде да башкы орунда”,-деди облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров.

Жергиликтүү эл облус казысынын алыскы айыл элинин абалынан кабар алгандыгы үчүн ыраазылычыктарын билдирип, облус мусулмандарына, ислам динине бекем кызмат кыла берүүсүн жараткандан тилеп, жалпы мусулмандарга, өлкөбүзгө бата кылышты.