Баткен облусунун казыны Лейлектеги жолугушууда коомчулуктагы акыркы мезгилдердеги окуяларга тынчсызданганын билдирип, ата-энелерге кайрылды

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров Лейлек районуна жасаган иш сапарынын алкагында Сумбула айылынын тургундары менен жолугушту. Жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушууда облус казысы «Бейиш эненин таманында» аттуу темада баяндама жасап, акыркы мезгилдерде коомдогу үрөй учурган көрүнүштөрдүн болушуна тынчсызданды.

«Акыркы мезгилдерде коомдо кандай гана зээнди кейиткен окуялар болуп жатат. Биз, дин кызматкерлери ушундай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн мечиттерде дайыма ата-эненин милдети, балдардын ата-энеге болгон милдеттери, кошунанын акылары сыяктуу көптөгөн темаларда баяндамаларды жасайбыз. Адам өмүрү баасыз урматтуу бир туугандар! Андыктан кандайдыр бир чыр-чатактардын чыгуусуна жол бербей, сабырдуулуктун туу чокусун көрсөтөлү»,-деди облус казысы.

Жолугушууга Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары М. Каримбердиева, райондун имам-хатиби Кубатбек  Абдыгапар уулу, Сумбула айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Жороев жана жергиликтүү тургундар катышты.