Жалал-Абад шаарындагы студенттерге билим алуу, өз өмүрүнө кол салуу жана терс диний агымдар боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

“Өмүр бизге берилген аманат. Аны кандай жашайбыз, жашообузда кандай амалдарды аткарабыз бул ар бирибиздин өзүбүзгө байланыштуу. Студенттик кез, жаштыктын эң бир сонун мезгили”-мындай пикирин Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев  жогорку окуу жайдын мугалимдери жана   студенттери менен болгон жолугушууда билдирди.

Иш-чара шаардык хатибият  тарабынан демилгеленип ага, ДИМКнын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурбек Кайсарбаев, казыяттын окуу бөлүмүнүн адиси Арпидин ажы Жороев катышты. Жолугушууда казыяттын окуу бөлүмүнүн адиси Арпидин ажы Жороев өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук, эрте никеге туруу,  суицид боюнча баяндама жасап, жаштарды спорт менен алектенип, китеп менен дос болууга чакырды. Ал эми шаар хатиби диний экстремизм, терроризм боюнча баяндама жасап, студенттерди ары ыймандуу, адептүү жана жоопкерчиликтүү болууга үгүттөдү.

“Жаштык мезгилди туура пайдалансаңар көп ийгиликтерди багынтып, дүйнө кезесиңер! Аракечтик, баңгизатты колдонуу менен инсан өзүн жоготот, ийгиликтен артта калат. Андыктан билим алууну жакшы өздөштүрүп, бош убакыт калтырбагыла. Көп тил үйрөнүп, мамлекетибизге өз салымыңыздарды кошуңуздар. Сиздер менен ата-энеңер жана мамлекет жетекчилиги суктансын”,-деди Мелисбек ажы Тургунбаев.