Талас облусунун казысы ДИМКнын Талас облусундагы жаңы дайындалган өкүлү менен жолугушуп, диний абалды талкуулашты

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Кыргыз Республикасынын  Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Талас облусундагы жаңы дайындалган өкүлү Темирлан Нурадилов менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушууда облус аймагындагы диний кырдаал, диний объекттерди  эсептик каттоодон өткөрүү, диний окуу жайлардын ишмердүүлүгү, улуттар аралык ынтымакты сактоо сыяктуу бир катар маселелер талкууланды.

«Жоопкерчиликтүү кызмат ордуңуз куттуу болуп, Алла Таалам жардам берсин. Элибиздин ынтымагы жана конфессиялар аралык өз ара ынтымакты бекемдөөдө  биргеликте кызмат кылабыз. Өлкөбүз көп улуттуу болгондуктан биз жарандарыбызга ар бир улуттун каада-салтын урматтоого чакырып, коомубузда терс көрүнүштөрдүн алдын алуубуз маанилүү. Ал үчүн биргеликте иштөө зарыл»,- деди облус казысы.

Ал эми ДИМК өкүлү облустун мусулмандарынын казыяты менен эки тараптуу иш алып барууга даяр экендигин, ортодогу байланышты мындан дагы жакшыртып, ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.