Талас облустук казыятына өлкө аймагынан 1984-жылкы мырзалар чогулуп, Куран жарышын жана спорттук оюндарды өткөрүштү

Талас облустук мусулмандар казыяты тарабынан Талас облусунун 1984-жылы туулган мырзалары тарабынан ынтымак, достук жыйыны демилгеленип, спорттун бир канча түрлөрүнөн турнир уюштурулду. Муну менен катар иш-чараны көркүнө көрк кошкон Куран жарышы өтүп, катышуучулар өз күчтөрүн сынап көрүштү.

«Куран жарыш эки категорияда өттү. Катышуучулар 1 пара жана Куранды кооз окуу боюнча күч сынашты. Калыстардын чечими менен алдыңкы орунду ээлеген жеңүүчүлөргө диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.Куран  Алла  Тааланын сөзү. Куран адамдарга туура жол көрсөтөт. Биз Куранды үйрөнүүчү же башкаларга үйрөтүүчүлөрдөн бололу. Ал эми бул Куран жарышты уюштуруп жаткандардан Жараткан ыраазы болсун!» — деди облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев.