Акжол ажы Бакиров: Мазхабты бекем кармануу жана терең илим алуу — ар түрдүү келишпестиктердин алдын алат

Кечээ, 3-июнь күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Өзгөн районунун УКМКнын кызматкери менен биргеликте Өзгөн шаарындагы имамдарга жыйын өткөрүп, бир канча маселелер каралды.

— Мамлекеттин тынчтыгы жана мекенди сүйүү
— Мазхаб кармануу

«Мазхабты бекем кармануу жана терең илим алуу — ар түрдүү келишпестиктердин алдын алат. Биз ата-бабаларыбыз карманып келген Ханафий мазхабы, Матуридий акыйдасынын негизинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жандандыруу керек. УКМКнын кызматкери менен биргеликте жыйын өткөрүүнүн негизги элдин ынтымагын бекемдөө жана өлкөнүн тынчтыгын камсыздоого салым кошуу болуп саналат. Бул жаатта эл менен тыгыз иштешип келе жаткан дин кызматкерлери экендиги талашсыз «- деди баш имам-хатиб Акжол ажы Бакиров.